Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара – Кулжа айылдык кенешинин кезектүү он төртүнчү сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2023-жылдын 30-майы № 14/2
1-Май айылындагы Аматов Төрө атындагы көчөсүнүн Сай тарабына электр энергия көмөкчү чордонун (трансформатор) орнотууга уруксат берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 20- октябрь 2021-жылдагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34 “Айылдык аймактардын жергиликтүү кенештеринин компетенциялары жөнүндөгү” беренесинин 5 “Муниципалдык менчигин пайдалануу жана тескөө тартибин, анын ичинде муниципалдык менчиктин обьектерин менчиктегтирүү программаларын бекитүү жолу менен белгилөө, муниципалдык менчикти пайдаланууга контролду ишке ашыруу жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып, Кара-Кулжа айылдык кенешинин жаратылышты коргоо жерге жайгаштыруу, жер ресурстары курулуш, транспорт, архитектура, экология, айыл-суу чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын курамынын жыйынын 18- май 2023-жылдагы № 2 протоколдук чечимин жана айыл өкмөтүнүн 15.05.2023-жыл № 01-19 / 219 “ 1-Май айылындагы Аматов Төрө көчөсүнүн Сай тарабына электр көмөкчү чордонун орнотууга жер аянтына уруксат берүү жөнүндөгү” билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кенеши токтом кылат:-
1. 1-Май айылындагы Аматов Төрө атындагы көчөсүнүн Сай тарабына 16 м. кв. жер аянтына электр энергия көмөкчү чордонун (трансформатор) орнотууга уруксат берилсин.
2. Жер аянтынын документтерин даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.М.Баатыровго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин жаратылышты коргоо жана жерге жайгаштыруу, жер ресурстары курулуш, транспорт, архитектура, экология, айыл-суу чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Камчыбековго тапшырылсын.
Тѳрага | А.Бөрүбаев |