Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара – Кулжа айылдык кенешинин кезектүү он төртүнчү сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2023-жылдын 30-майы № 14/3
“Кара-Кулжа айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча эрежелери жөнүндөгү” типтүү жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 06.09.2022-жылдагы №305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш аракеттер планы жөнүндөгү” Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 15.11.2021-жылдагы № 258 “Айыл аймактардын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо эрежелерин иптеп чыгуу жана бекитиүү жагын ишке ашырууда өз алдынча башкаруу органдарына методикалык жардам көрсөтүү жөнүндөгү” токтомун аткаруу максатында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин 16-ноябрь 2022-жыл № 262 буйругун жетекчиликке алып жана Кыргыз Республикасынын 20.10.2021-жылдагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 21-беренесинин 1 “Жергиликтүү коомдоштуктардын уставдары тиешелүү коомдоштуктардын жыйындарында (чогулуштарында) же курултайында талкуулоонун жыйынтыктары боюнча тиешелүү жергиликтүү кенештер тарабынан кабыл алынышы жөнүндөгү” бөлүмчөсүнүн негизинде жана айылдык кенешинин регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынынын 28.04.2023-жылдагы № 2 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши токтом кылат:-
1.“Кара-Кулжа айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелери жөнүндөгү” типтүү жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2.“Кара-Кулжа айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелери жөнүндөгү” типтүү жобонун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жүктөлсүн.
Тѳрага | А.Бөрүбаев |