Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара – Кулжа айылдык кенешинин кезектүү он төртүнчү сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2023-жылдын 30-майы № 14/4
Кара-Кулжа айыл аймагында түзүлгөн «Береке» «Этно төшөк» жана «Өнүгүү» атындагы өз ара жардамдашуу топторунун (ӨЖТ) мүчөлөрүнүн жободо белгиленген укуктарын жана милдетерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 20- октябрь 2021-жылдагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 21-беренесинин 1 “Жергиликтүү коомдоштуктардын уставдары тиешелүү коомдоштуктардын жыйындарында (чогулуштарында) же курултайында талкуулоонун жыйынтыктары боюнча тиешелүү жергиликтүү кенештер тарабынан кабыл алынышы жөнүндөгү” бөлүмчөсүнүн негизинде жана айылдык кенешинин регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынынын 28-апрель 2023-жылдагы № 2 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши токтом кылат:-
1.Кара-Кулжа айыл аймагында түзүлгөн «Береке» «Этно төшөк» жана «Өнүгүү» атындагы өз ара жардамдашуу топторунун (ӨЖТ) мүчөлөрүнүн жободо белгиленген укуктары жана милдетери бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жана айылдык кенешинин регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Аматовго жүктөлсүн.
Тѳрага | А.Бөрүбаев |