Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара – Кулжа айылдык кенешинин кезектүү он төртүнчү сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2023-жылдын 30-майы № 14/5
Кара-Кулжа айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын типтүү уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 20 - октябрь 2021-жылдагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 21-беренесинин 1 “Жергиликтүү коомдоштуктардын уставдары тиешелүү коомдоштуктардын жыйындарында (чогулуштарында) же курултайында талкуулоонун жыйынтыктары боюнча тиешелүү жергиликтүү кенештер тарабынан кабыл алынышы жөнүндөгү” бөлүмчөсүнүн негизинде жана айылдык кенешинин регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынынын 28-апрель 2023-жылдагы № 2 протоколдук чечимин жана айыл өкмөтүнүн 24 апрель 2023-жылдагы № 01-19 / 185 “Кара-Кулжа айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын типтүү уставы бекитип берүү жөнүндөгү” сунушун угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кенеши токтом кылат:-
1.Кара-Кулжа айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын типтүү уставы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Кара-Кулжа айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын типтүү уставын аткарууну камсыздоо жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жана айылдык кенешинин регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Аматовго жүктөлсүн.
Тѳрага | А.Бөрүбаев |