Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара –Кулжа айылдык кенешинин кезектүү он төртүнчү сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2023-жылдын 30-майы № 14/6
Кара-Кулжа айылында жайгашкан муниципалдык менчиктеги райондук “Азирети Билал” атындагы мечитинин эскилиги жеткендигине байланыштуу жаны мечиттин имаратын курууга уруксат берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 20- октябрь 2021-жылдагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34 “Айылдык аймактардын жергиликтүү кенештеринин компетенциялары жөнүндөгү” беренесинин 5 “Муниципалдык менчигин пайдалануу жана тескөө тартибин, анын ичинде муниципалдык менчиктин обьектерин менчиктегтирүү программаларын бекитүү жолу менен белгилөө, муниципалдык менчикти пайдаланууга контролду ишке ашыруу жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана айылдык кенешинин регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун 28 - апрель 2023-жылдагы № 2 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши токтом кылат:-
1. Кара-Кулжа айылында жайгашкан муниципалдык менчиктеги райондук “Азирети Билал” атындагы мечитинин эскилиги жеткендигине байланыштуу жаны мечиттин имаратын курууга уруксат берилсин.
2. Жаңы мечиттин имаратынын документтерин даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.М.Баатыровго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Аматовго тапшырылсын.
Тѳрага | А.Бөрүбаев |