Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара – Кулжа айылдык кенешинин кезектүү он төртүнчү сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2023-жылдын 30-майы № 14/7
Кара-Кулжа айыл аймагында жайгашкан калктуу конуштарга түнкү жарыктандырууну орнотууга мандатка каралган акча каражатынан “Кара-Кулжа тазалык” муниципалдык ишканасына субцидия катары которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 20- октябрь 2021-жылдагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34 “Айылдык аймактардын жергиликтүү кенештеринин компетенциялары жөнүндөгү” беренесинин 2 “Жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фондорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана Кара-Кулжа айыл аймагында жайгашкан калктуу конуштарга түнкү жарыктандырууну орнотуу максатында Кара-Кулжа айылдык кеңеши токтом кылат:-
1.Кара-Кулжа айылында жайгашкан көчөлөргө түнкү жарыктандыруу орнотууга Совет мандатка каралган 200.000 сом акча каражатын, Кара-Кулжа мандатка каралган 150.000 сом акча каражатын жана 1-Май шайлоо округундагы көчөлөргө түнкү жарыктандыруу орнотууга 1-Май мандатка каралган 100.000 сом акча каражатын жалпысынан 450.000 сом акча каражаты “Кара-Кулжа Тазалык” муниципалдык ишканасына субцидия катары которулсун.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жүктөлсүн.
Тѳрага | А.Бөрүбаев |