Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара – Кулжа айылдык кенешинин кезектүү он төртүнчү сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2023-жылдын 30-майы № 14/8
Кара-Кулжа айыл аймагындагы 1-Май айылынын чыгыш тарабында жайгашкан Көлмө учаскасынын тескей тарабын Кара-Кулжа дарыясынын ташкынынан коргоо иштерине Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар министирлиги тарабынан жардам берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 20.10. 2021-жылдагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 27 “Жергиликтүү маанидеги маселелер жөнүндөгү” беренесинин 21 “Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана Кара-Кулжа айыл аймагында жайгашкан 1-Май айылынын жалпы элдик жыйынынын 28-май 2023-жылдагы № 3 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши токтом кылат:-
1. Айыл тургундардын коопсуздугун камсыздоо максатында жана Кара-Кулжа айыл аймагында жайгашкан 1-Май айылынын чыгыш тарабындагы Көлмө учаскасынын тескей тарабын Кара-Кулжа дарыясынын ташкынынан коргоо иштерине күйүүчү майдан (солярка) жана техникадан жардам берүү жагы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар министирлигинен суралсын.
2. Тийиштүү документтерди тариздөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.М.Баатыровго жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин жаратылышты коргоо жана жерге жайгаштыруу, жер ресурстары курулуш, транспорт, архитектура, экология, айыл-суу чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Камчыбековго тапшырылсын.
Тѳрага | А.Бөрүбаев |