Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара – Кулжа айылдык кенешинин кезектүү он төртүнчү сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2023-жылдын 30-майы № 14/9
Кара-Кулжа айылындагы Ч.Пазылов атындагы көчөсүнүн тратуарын жасоого жана райондук прокуратурасынын имаратын ондоо иштерине, айнек-рамкаларын алмаштырууга жергиликтүү бюджеттен өздүк салымга каражат бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 20- октябрь 2021-жылдагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34 “Айылдык аймактардын жергиликтүү кенештеринин компетенциялары жөнүндөгү” беренесинин 2 “Жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фондорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 25-май 2023-жылдагы № 1-19 / 233 сандуу сунушун угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кенеши токтом кылат:-
1.Кара-Кулжа айылындагы Ч.Пазылов атындагы көчөсүнүн тратуарын жасоого жазылган долбоорду колдоого жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары 50.000 (элүү миң) сом акча каражат бөлүнүп берилсин.
2.Кара-Кулжа райондук прокуратурасынын имаратын ондоо иштерине, айнек-рамкаларын алмаштырууга жазылган долбоорду колдоого жергиликтүү бюджеттен 10.000 (он миң) сом акча каражат бөлүнүп берилсин.
3.Долбоорду колдоп берүү жагы “Кара-Кулжа районунун өнүктүрүү” фондусунан суралсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жүктөлсүн.
Тѳрага | А.Бөрүбаев |