Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кенешинин 7- чакырылышынын кезектеги 22- сессиясы
2023-жылдын 25-июлундагы № 22-1
Жийде айылындагы А.Ысманов атындагы бир көчөнүн атын өзгөртүү жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С.Минбаевдин 2023-жылдын 19-июлундагы №266 сандуу катына жана Жийде айылынын А.Ысманов атындагы көчөсүнүн тургундарынын арызына негиз, А.Ысманов атындагы бир көчөнүн ысымын “Тагаев Абдикрам атындагы көчө” деп өзгөртүү максатында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамына, Жер, айыл чарба, суу, жайыт, жараштылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын сунушуна негиз, Көк-Жар айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С.Минбаевдин 2023-жылдын 19-июлундагы №266 сандуу катына жана Жийде айылынын А.Ысманов атындагы көчөсүнүн тургундарынын арызына негиз, А.Ысманов атындагы бир көчөнүн ысымын Тагаев Абдикрамдин атына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адиси М.Калматовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жер, айыл чарба, суу, жайыт, жараштылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р.Арапов |