Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 03-августу № XX-1
Ноокат шаар мэриясынын 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарган иштери жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы туралуу Ноокат шаарынын мэри Т.Ж.Тезекбаевдин отчету жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарган иштери жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы туралуу Ноокат шаарынын мэри Т.Ж.Тезекбаевдин отчету жөнүндө Ноокат шаардык кеңешинин депутаттарынын жана шаар тургундарынын сын-пикирлерин эске алып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2,6-бөлүкчөлөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму.
Токтом кылат:
1. Ноокат шаарынын мэри Т.Ж.Тезекбаевдин 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарган жумуштары канааттандырарлык деп табылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика, өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык кенешинин төрагасынын орун басары Г.Дуванаевага милдеттендирилсин.
Төрага: | Б.Мадмаров |