Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XX сессиясынын
2023-жылдын 03-августу № XX-4
Ноокат шаар мэриясынын 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарган иштери жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы туралуу Ноокат шаарынын мэри Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине ажыратылып берилген акча каражатынын беренесин өзгөртүп берүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине ажыратылып берилген акча каражатынын беренесин өзгөртүп берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Токтом кылат:
1. Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине ажыратылып берилген 3111-беренесиндеги 5 145 530 (беш миллион бир жүз кырк беш миң беш жүз отуз) сом, жана 2215-беренесиндеги эски көрүстөндүн жерин трансформациялап, АПЗ алганы каралган акча каражатын төмөндөгү таблица боюнча
№ | Берене | Аталышы | Баасы | Эскертүү |
1 | 2215 | Н. Исановдун 80 жылдыгына жана эгемендүүлүк күнүнө карата даярдык көрүү үчүн | 150 000 | 2215-беренесиндеги 200 000 сом акча каражатынын эсебинен |
2 | 2215 | А. Абдубаитов орто мектебинин ичиндеги эски скважинаны изилдөө жана смета жасоо иштерине | 50 000 |
өзгөртүлүп берилсин.
2. Жылдык сметага жана сатып алуулар планына өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы ФЭБ башчысы М.Абдивохидовко жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Б.Мадмаров |