Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XX сессиясынын
2023-жылдын 03-августу № XX-5
Ноокат шаарында жеке турак жай үй куруу үчүн берилүүчү жер участогуна чекти аныктоо жөнүндө
Ноокат шаарында жеке турак жай үй куруу үчүн берилүүчү жер участогуна чекти аныктоо жөнүндөгү маселени Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына жана КРнын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №177 токтомуна ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин муниципиалдык менчик, өнөржай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ноокат шаарында жарандардын жашап жаткан турак жайын мыйзамдаштыруу жана жеке турак жай үй куруу үчүн жер участогун бекитип берүү Ноокат шаарынын башкы планына, калктуу конуштардын башкы схемасына ылайык берилсин жана жер участогун бекитип берүү чеги 6 (алты) сотых деп бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ноокат шаарынын мэрине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө муниципиалдык менчик, өнөржай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаты Т.Т.Кадирбаевке тапшырылсын.
Төрага: | Б.Мадмаров |