Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 27-июлундагы № 13/1
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы калкты таза суу,сугат суу менен камсыз кылууда жана таштандыларды ташып чыгууда Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн, райондук суу чарба башкармалыгынын жана “Ылай-Талаа Тазалык” МИнын 2022-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык айыл аймагындагы Ылай-Талаа, Сай айылдарынын тургундарын таза суу, сугат суу менен камсыз кылууда жана таштандыларды ташып чыгууда Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн, райондук суу чарба башкармалыгынын жана “Ылай-Талаа Тазалык” МИ тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башкы адиси Б.Коңурбаев, “Ылай-Талаа Тазалык” МИнын жетекчиси С.Таиевдердин маалыматтарын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Айыл аймагындагы Ылай-Талаа, Сай айылдарынын тургундарын ичүүчү таза суу, сугат суулары менен камсыз кылууда жана таштандыларды ташып чыгууда, “Ылай-Талаа Тазалык” МИ тарабынан 2022-жыл ичинде жүргүзгөн иштери айрым кемчилдиктерди эске алуу менен канааттандыраарлык экендиги белгиленсин.
2. Ылай-Талаа айыл аймагындагы тургундарды ичүүчү таза суу, сугат суулары менен камсыз кылууда жана таштандыларды ташып чыгууда белгиленип кеткен кемчилдиктерди тез арада жоюу менен бирге суу пайдаланган абоненттердин картасын, графигин иштеп чыгуу, Ылай-Талаа айылынын калкын таза суу менен жеткиликтүү камсыз кылуу максатында айылдын орто тушуна курулган резервуардан сууну берип баштоо, ишке кирген "Тар" насостук станциясы аркылуу сугат сезонунда суунун көлөмүн көбөйтүп суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо, суу лотокторуна көзөмөлдү күчөтүү, жараксыз абалга келгендерин алмаштыруу, таштанды полигонун талаптагыдай абалына келтирүү, абоненттерден бекитилген тариф боюнча чогулган каражаттарды максаттуу боюнча иш алып баруу жагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башкы адиси Б.Коңурбаев, райондук суу чарба башкармалыгынын аймактагы өкүлү К.Акматалиев, “Ылай-Талаа Тазалык” МИнын жетекчиси С.Таиевдерге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясы ( төрагасы М.Исабаев ) тапшырылсын.
Төрага | А.Кадамбаева |