Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезектеги XIII сессиясынын жыйынынын
2023-жылдын 27-июлундагы № 13/2
Айыл аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага каршы жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча «Коомдук алдын алуу борборунун», аймактык инспектордун жер-жерлерде жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 3-главасынын 34-беренесине ылайык айыл аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага каршы жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча «Коомдук алдын алуу борборунун», аймактык инспектордун жер-жерлерде жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө берилген маалыматтарды угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Айыл аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага каршы жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча «Коомдук алдын алуу борборунун», аймактык инспектордун жер-жерлерде жүргүзгөн иштери айрым кемчилдиктерин эске алуу менен канааттандыраарлык экендиги белгиленсин.
2. Айыл өкмөтүнүн алдындагы ”Коомдук алдын алуу борборунун” ишин жандандыруу боюнча иштиктүү чараларды көрүү, комиссия борбор менен коомчулуктун байланышын арттыруу аркылуу коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, мал уурулукка бөгөт коюу, өспүрүмдөр арасында катталуучу кылмыштарды алдын алуу, соода түйүндөрүндө спирт ичимдиктерин сатууга чектөө киргизүү, жашы жете электерге спирт ичимдиктерин, тамеки заттарын сатууга тыюу салуу боюнча аракеттерди көрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Жунусов, Кара-Кулжа РИИБдүн КККнын МУУйы Т.Саалыевдерге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу:комиссиясына (төрагасы О.Абдимажит уулу) тапшырылсын.
Төрага | А.Кадамбаева |