Редакцияот 31.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Таш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы

2023-жылдын 31-июлу № 3

Жергиликтүү бюджеттен акча каражатын жылдыруу жөнүндө

Көк-Таш айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Азимов,каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Маматовдун акча каражат жылдыруу тууралуу берген маалымат-билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, “Бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиянын талкуусун эске алып, Көк-Таш айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

1.  Көк-таш айыл өкмөтүнүнү жергиликтүү бюджетинин 70629 бөлүмүнүн 3111 статьясынан 2 900,0 ( эки миллион тогуз жүз миң) сом акча каражатын 70111 бөлүмүнүн 2215 статьясына 200,0(эки жүз миң)сом,70629 бөлүмүнүн 2215 статьясына 2700,0(эки миллион жети жүз миң) сом ал эми 70921 бөлүмүнүн 2222статьясынан 220,0(эки жүз жыйырма миң) сом акча каражатын 2221статьясына жылдырууга макулдук берилсин;

2.  Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын;

3.  Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнө жүктөлсүн;

4.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык кеңешинин “Бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Х.Байназаровага жүктөлсүн.

 

Төрага

Б.М.Нышанов