КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Таш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
2023-жылдын 31-июлу № 4
Көк-Таш айылдык аймагынын жергиликтүү жамааттарынын Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”мыйзамынын 21-беренесине ылайык жана Көк-Таш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчынын убактылуу милдетин аткаруучу Ш.Сайназарованын маалымат-билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, “Бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиянын талкуусун эске алып, Көк-Таш айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Таш айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын Уставын тиркемеге ылайык бекитүүгө макулдук берилсин;
2. Көк-Таш айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын Уставында көрсөтүлгөн жергиликтүү жамааттардын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптери жана эрежелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынсын;
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын;
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнө жүктөлсүн;
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык кеңешинин “Бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Х.Байназаровага жүктөлсүн.
Төрага | Б.М.Нышанов |