Редакцияот 31.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Таш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы

2023-жылдын 31-июлу № 5

Көк-Таш айылдык аймагынын башкы планын бекитүү жана турак жай куруу үчүн жер участокторунун чектик өлчөмүн аныктоо жөнүндө

Көк-Таш айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Азимов,жер адис А.Жундубаев берген маалымат-билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, “Агрардык саясат,өзгөчө кырдаал,экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде Көк-Таш айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Көк-Таш айыл аймагынын башкы планын бекитүүгө макулдук берилсин;

 

2.  Көк-Таш айыл аймагында турак жай куруу үчүн башкы планда бекитилген жер өлчөмү 0,12 га дан берилсин;

 

3.  Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын;

4.  Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнө жүктөлсүн;

 

5.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык кеңешинин “Агрардык саясат,өзгөчө кырдаал,экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Байнаевке жүктөлсүн.

 

Төрага

Б.М.Нышанов