Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын кезектеги онунчу сессиясы
2022-жылдын 16-июну № 29
Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Чоң-Алай районуна караштуу Жекенди айылдык аймагында жайгашкан № 108, 120, № 104, № 104а, № 95, № 59, № 58, № 15, № 9, № 10, № 494, № 530, № 484, № 485, № 482, № 428, № 430, № 506, № 509, № 396, № 389, № 388, № 395, № 390, № 397, № 392, № 347, № 389, № 391, № 356, № 357, № 359, № 360, № 361, № 187, № 188, № 186, № 182 контурларында жайгашкан “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы 93,84 га жайыт, 7,66 га таш, 0,12 га жолдор, жалпы 101, 62 га мындан сырткары “Суу фондусунун жерлери” категориясындагы 0,48 га, жалпы Жекенди айыл өкмөтү боюнча 102,10 га жер аянтын көмүр сактоочу жай, вахта (5,52 га) жана жол (96,58 га) куруу үчүн “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык которууга, Чоң-Алай токойчулугунун токой фрндусунда турган жерлер жок болгондугуна байланыштуу макулдук берүү жөнүндөгү Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин 13.05.2022-жылдагы № 01-19/196 билдирүү катын карап жана талкуулап, Жекенди айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин 13.05.2022-жылдагы № 01-19/196 сандуу сунушу колдоого алынсын.
2. Чоң-Алай районуна караштуу Жекенди айылдык аймагында жайгашкан № 108, 120, № 104, № 104а, № 95, № 59, № 58, № 15, № 9, № 10, № 494, № 530, № 484, № 485, № 482, № 428, № 430, № 506, № 509, № 396, № 389, № 388, № 395, № 390, № 397, № 392, № 347, № 389, № 391, № 356, № 357, № 359, № 360, № 361, № 187, № 188, № 186, № 182 контурларында жайгашкан “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы 93,84 га жайыт, 7,66 га таш, 0,12 га жолдор, жалпы 101, 62 га мындан сырткары “Суу фондусунун жерлери” категориясындагы 0,48 га, жалпы Жекенди айыл өкмөтү боюнча 102,10 га жер аянтын көмүр сактоочу жай, вахта (5,52 га) жана жол (96,58 га) куруу үчүн “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
3.Тийиштүү документтерди даярдоо жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси А.Маматовго милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер, азык- түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Эшов Боронбайга тапшырылсын.
Төрага | А.Абдукалилов |