Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын кезектеги онунчу сессиясы
2022-жылдын 16-июну № 30
Шибээ айылындагы Шибээ каналынан Тоголок-Дөң участкасына чейин канал курууга уруксат берүү жөнүндө
Чоң-Алай районуна караштуу Жекенди айылдык аймагында жайгашкан Шибээ айылында кээ бир суу жетпеген сугат жерлерди суу менен камсыз кылуу максатында Шибээ каналынан Тоголок-Дөң участкасына чейин узундугу 5248 м же 4,2 га жер аянтына канал куруу үчүн Шибээ айылынын элдик жыйынынын протоколун карап жана талкуулап, Жекенди айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Жекенди айылдык аймагында жайгашкан Шибээ айылындагы кээ бир суу жетпеген сугат жерлерди суу менен камсыз кылуу максатында Шибээ каналынан Тоголок-Дөң участкасына чейин канал куруу үчүн узундугу 5248 м аралыкка же 4,2 га жер аянтына канал курууга уруксат сурап кайрылган элдин сунушу колдоого алынсын.
2. Жекенди айылдык аймагында жайгашкан Шибээ айылындагы кээ бир суу жетпеген сугат жерлерди суу менен камсыз кылуу максатында Шибээ каналынан Тоголок-Дөң участкасына чейин канал куруу үчүн узундугу 5248 м аралыкка же 4,2 га жер аянтына канал салууга уруксат берилсин.
3.Тийиштүү документтерди даярдоо жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси А.Маматовго милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер, азык- түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Эшов Боронбайга тапшырылсын.
Төрага | А.Абдукалилов |