Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясы
2022-жылдын 12-августу № 32
Жекенди айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022-жылдын 6 ай ичинде аткарылышы жөнүндө
Жекенди айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жекенди айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 6 ай ичиндеги жергиликтүү бюджети кирешелер бөлүгү 7 631 100 (жети миллион алты жүз отуз бир миң жүз ) сомго пландаштырылып аткарылганы 7 631 124 (жети миллион алты жүз отуз бир миң жүз жыйырма төрт) сомго, чыгаша бөлүгү 8 211 200 (сегиз миллион эки жүз он бир миң эки жүз) сомго пландаштырылып 6 972 649 (алты миллион тогуз жүз жетимиш эки миң алты жүз кырк тогуз) сомго аткарылгандыгы жактырылсын.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча комиссиясынын төрагасы Мурзапар уулу Назириллаго жүктөлсүн, аткаруу жагы айылдык аймактын башчысы Б.Нышанбаевге жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы С.Маматовго милдеттендирилип.
3. Ушул токтом расмий жарыяланууга жатат.
Төрага | А.Абдукалилов |