Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясы
2022-жылдын 12-августу № 35
Жекенди айылдык аймагына караштуу Кара-Тейит айылына бала бакча салуу үчүн жер тилкесин тактап берүү жөнүндө
Жекенди айылдык аймагына караштуу Кара-Тейит айылындагы эски ФАП тын ордуна бала бакча салуу үчүн жер тилкеси аз болгондугуна байланыштуу Ак-Суу орто мектебинин жеринен тийиштүү жер участогун бөлүп берүү үчүн Кара-Тейит айылынын тургундарынын сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык Кеңеши
Токтом кылат
1. Жекенди айылдык аймагына караштуу Кара-Тейит айылына бала бакча салуу үчүн ФАП тын 400 м.кв жер аянтын жана Ак-Суу орто мектебинин жер аянтынын ичинен 600 м.кв жер аянтын, жалпы 1000 м.кв. жер аянтын бөлүп берүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2.Тийиштүү документтерди бүтүрүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси А.Маматовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Жекенди айылдык Кенешинин Агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Эшовго жүктөлсүн.
Төрага | А.Абдукалилов |