Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын он төртунчү кезексиз сессиясы
2022-жылдын 15-сентябры № 39
Жекенди айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Биринчи Элдик Курултайына делегаттарды шайлоо боюнча Жергиликтүү курултайды чакыруу жөнүндө
Жекенди айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жекенди айылдык аймагында Жергиликтүү курултайды өткөрүү күнү 5-ноябрь 2022-жылы саат 10-00 гө Кара-Мык айылындагы Ленин атындагы орто мектебинин жыйындар залында өтүлө тургандыгы белгиленсин.
2.Жергиликтүү курултайдын делегаттарынын жалпы саны айылдын жашоочуларынын санына жараша төмөнкүдөй болуп бекитилсин:
-Кара-Мык айылына 40 делегат
-Кара-Тейит айылына 20 делегат
-Жекенди айылына 20 делегат
-Чулук айылына 20 делегат
-Шибээ айылына 20 делегат
3.Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоого жарандардын жыйындарын жана чогулуштарын өткөрүүнүн графиги 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4.Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссиянын курамы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Халилов Сагынбекке жүктөлсүн.
Төрага | А.Абдукалилов |
Жекенди айылдык кеңешинин № 39 15-сентябрь
2022-жылдагы токтомуна № 1-тиркеме
Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоого жарандардын
жыйындарын жана чогулуштарын өткөрүү графиги
№ | Айылдардын аталышы
| Өткөрүү убактысы | Жыйындар өткөрүүлүчу жайы | Уюштуруу- чулар | эскертме |
1 | Кара-Мык | 17-октябрь саат 12-00 гө | Борбордук мечит | Жооптуу кызматкерлер |
|
2 | Кара-Тейит | 17-октябрь саат 12-00 гө | Ак-Суу орто мектебинин жыйындар залы | Жооптуу кызматкерлер |
|
3 | Жекенди | 17-октябрь саат 11-00 гө | Борбордук мечитке | Жооптуу кызматкерлер |
|
4 | Чулук | 17-октябрь саат 14-00 гө | С.Осмонов орто мектебинин жыйындар залы | Жооптуу кызматкерлер |
|
5 | Шибээ | 17-октябрь саат 15-00 гө | Борбордук мечит | Жооптуу кызматкерлер |
|
Жекенди айылдык кеңешинин № 39 15-сентябрь
2022-жылдагы токтомуна № 2-тиркеме
Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана
өткөрүү боюнча комиссиянын курамы
1.А.Абдукалилов -Жекенди айылдык кеңешинин төрагасы
Жумушчу топтун төрагасы
2.Г.Мурзакулова -жооптуу катчысы, жумушчу топтун
катчысы
Мүчөлөрү
3.С.Халилов -айылдык кеңештин депутаты
4.А.Амирбеков -айылдык кеңештин депутаты
5.Ө.Калыков - айылдык кеңештин депутаты
6.Л.Калилова - айылдык кеңештин депутаты
7.И.Тажакмат уулу - айылдык кеңештин депутаты
8.М.Саитов -Кара-Тейит айылынын айыл башчысы
9.М.Галов -Жекенди айылынын айыл башчысы
10.С.Жаркынбаев -Чулук айылынын айыл башчысы
11.Кудайназар уулу Б -Шибээ айылынын айыл башчысы