Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын он төртунчү кезексиз сессиясы
2022-жылдын 15-сентябры № 40
Жекенди айылдык кеңешинин 2021-жылдын 9-декабрдагы кезектеги үчүнчү сессиясынын отурумунун № 31 токтомуна толуктоолорду
киргизүү жөнүндө
Жекенди айылдык кеңешинин депутаты Мурзапар уулу Назириллонун Жекенди айылдык кеңешинин 2021-жылдын 9-декабрдагы кезектеги үчүнчү сессиясынын отурумунун № 31 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1.Жекенди айыл аймагына караштуу Кара-Мык айылындагы Арал-Капа көчөсү тактап айтканда Беков Акназар, Туратов Асат жана Шамшиев Баридиндин үйүнөн тартып Келдиев Ысактын үйүнө чейинки көчө маркум Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Келдиев Саматтын атындагы көчө болуп өзгөртүлсүн
2.Көчөнүн аталышынын жазылышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен илүүнү, көчөнү жарыктандырууну, тазалыгын, көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин жүргүзүү өз каражатынын эсебинен камсыздоо маркум Келдиев Саматтин балдарына жана жакын туугандарына милдеттендирилсин.
3.Чоң-Алай райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлкө каттоо башкармалыгынан жана Чоң-Алай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан тийиштүү иш кагаздарын ушул токтомго ылайыкташтырып иштеп чыгуусу суралсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Амирбеков Акматалига жүктөлсүн.
Төрага | А.Абдукалилов |