Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын он бешинчи кезексиз сессиясы
2022-жылдын 24-октябры № 42
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин 24.10.2022-жылдагы № 01-19/657 сунуш катын кароо жөнундө
Жекенди айылдык аймагында жайгашкан Тилек Баатыр атындагы Кара-Мык чек ара заставасына ок атып машыгуу үчүн убактылуу жер бөлүп берүү боюнча сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык Кенеши
Токтом кылат.
1.Жекенди айылдык аймагында жайгашкан Тилек Баатыр атындагы Кара-Мык чек ара заставасына ок атып машыгуу үчүн убактылуу элге зыяны тийбеген, жайытка пайдаланылбаган Албын участкасынын күнгөй тарабынан 3 (үч) жылдык убакытка 3,0 га жер аянтын бөлүп берүүгө уруксат берилсин.
2.Тийиштүү документтерди бүтүрүү жана акча каражатын бөлүп берүү жагы Жекенди айылдык өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы С.Маматовго тапшырылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер, азык- түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Эшов Боронбайга тапшырылсын.
Төрага | А.Абдукалилов |