Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын он төртунчү кезексиз сессиясы
2022-жылдын 24-октябры № 43
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин 24.10.2022-жылдагы № 01-19/658 сунуш катын кароо жөнундө
Жекенди айылдык аймагында жайгашкан Тилек Баатыр атындагы Кара-Мык чек ара заставасына чек араны коргоо максатында Кароол-Дөбө участкасынан “АВАНПОСТ” техникалык байкоо постуна жер бөлүп берүү боюнча сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык Кенеши
Токтом кылат.
1.Жекенди айылдык аймагындагы Тилек Баатыр атындагы Кара-Мык чек ара заставасына Кара-Мык айылындагы Кароол-Дөбө участкасынан “АВАНПОСТ” техникалык байкоо постун куруу үчүн 25х120 мерт жер аянтын бөлүп берүүгө уруксат берилсин.
2.Тийиштүү документтерди бүтүрүү жагы Жекенди айылдык өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси А.Маматовго милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер, азык- түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Эшов Боронбайга тапшырылсын.
Төрага | А.Абдукалилов |