Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын он төртунчү кезексиз сессиясы
2022-жылдын 24-октябры № 44
Жекенди айылдык аймагына караштуу Ак-Суу каналын Мамлекеттик мүлк фондуна өткөрүп берүү жөнүндө
Жекенди айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети дотацияда туруп, Жекенди айылдык аймагында жайгашкан узундугу 20 400 м аралыктагы 1975-жылы курулган Ак-Суу каналынын ар жыл сайын оңдоо иштерине мүмкүнчүлүгү жетпегендигине байланыштуу Мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү жөнүндөгү Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык Кенеши
Токтом кылат.
1.Жекенди айылдык аймагына караштуу узундугу 20 400 м аралыктагы Ак-Суу каналын Мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Мамлекеттик менчикке каттатып, Суу ресурстар кызматы мамлекеттик мекемесинин карамагына өткөрүп берүү жагы Жекенди айылдык өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жекенди айылдык кеңешинин төрагасы А.Абдукалиловго жүктөлсүн.
Төрага | А.Абдукалилов |