Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын он төртунчү кезексиз сессиясы
2022-жылдын 24-октябры № 45
Жекенди айылдык аймагына караштуу Кара-Мык айылындагы Ленин атындагы орто мектебинин кыш мезгилине ккароо жөнүндө
Жекенди айылдык аймагына караштуу Кара-Мык айылындагы Ленин атындагы орто мектебинин кыш мезгилине карата алынып келинген Чоң-Алай көмүр ишканасынын көмүрү жылыта албай жылуулугу начар болгондуктан Кара-Мык айылынын элдик жыйынынын протолун угуп жана талкуулап
Жекенди айылдык Кенеши
Токтом кылат.
1.2022-2023-жылдын кыш мезгилине карата Ленин атындагы орто мектебин жылытуу үчүн келип түшкөн көмүрдүн сапаты начар болгондугуна байланыштуу калган 69 (алтымыш тогуз) тоннасын “Ош Пирим” көмүр ишканасынан алып келип түшүрүп берүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2.2023-жылдын кыш мезгилине карата жылытуу системасынын печкасын алмаштырып берүү 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин планына киргизүү жагы белгиленсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын колго алуу жагы Жекенди айыл өкмөт башчысы Б.Нишанбаевге жана финансы -экономика бөлүмүнүн башчысы С.Маматовго милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өнөр-жай, курулуш, транспорт, соода байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча комиссиянын төрагасы Мурзапар уулу Назирилло жүктөлсүн.
Төрага | А.Абдукалилов |