Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын он бешинчи кезексиз сессиясы
2022-жылдын 24-октябры № 46
Жекенди айылдык аймагына караштуу “Береке” таза суу ишканасын ачуу жөнүндө
Жекенди айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси А.Маматовдун Жекенди айылдык аймагы боюнча башкача айтканда Кара-Мык, Жекенди, Кара-Тейит, Чулук жана Шибээ айылындарындагы таза сууну пайдалануу жана таштандыларды таштоо иштерин тартипке келтирүү максатында муниципалдык ишкана ачууга уруксат берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык Кенеши
Токтом кылат.
1. Жекенди айылдык аймагы боюнча Кара-Мык, Жекенди, Кара-Тейит, Чулук жана Шибээ айылындарындагы таза сууну пайдалануу жана таштандыларды таштоо иштерин тартипке келтирүү максатында “Береке” муниципалдык ишканасын ачууга уруксат берилсин.
2 .Тийиштүү документтерди бүтүрүү жагы Жекенди айылдык өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси А.Маматовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер, азык- түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Эшов Боронбайга тапшырылсын.
Төрага | А.Абдукалилов |