Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын он алтынчы кезексиз сессиясы
2022-жылдын 17-ноябры № 47
Жекенди айылдык аймагына караштуу Кара-Мык айылына бала бакча салууга уруксат берүү жөнүндө
Жекенди айылдык аймагына караштуу Кара-Мык айылынын тургуну Самидинов Сагынбайдын менчик укугуна таандык 1232,0 м.кв жер аянтын өзүнүн макулдугу менен муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндөгү Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин № 01-19/713 сандуу катын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине ылайык Жекенди айылдык Кенеши
Токтом кылат.
1.Жекенди айылдык айымагына караштуу Кара-Мык айылынын тургуну Самидинов Сагынбайдын менчик укугуна таандык 1232,0 м.кв жер аянты Жекенди айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилсин.
2.Жекенди айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүлүп алынган 1232,0 м.кв жер аянтына бала бакча салууга уруксат берилсин.
3.Тийиштүү документтерди бүтүрүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси А.Маматовго милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер, азык- түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Эшов Боронбайга тапшырылсын.
Төрага | А.Абдукалилов |