Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын он алтынчы кезексиз сессиясы
2022-жылдын 24-ноябры № 49
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин 24.11.2022- жылдагы № 01-19/725 сандуу катын кароо жөнүндө
Жекенди айылдык аймагына караштуу Кара-Мык айылынын тургуну Баапов Жылдызбектин Кашат участкасындагы турак-жай куруу үчүн берилген № 5-07-03-1002-0781 сандуу коду менен катталган 1500,0 м.кв жер аянтынын багытын өзгөртүп, ресторан салууга уруксат берүү жөнүндөгү Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин 24. 11. 2022-жылдагы № 01-19/725 сандуу катын угуп жана талкуулап Жекенди айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Жекенди айылдык аймагына караштуу Кара-Мык айылынын тургуну Баапов Жылдызбектин Кашат участкасындагы турак-жай куруу үчүн берилген № 5-07-03-1002-0781 сандуу коду менен катталган 1500,0 м.кв жер аянтынын багытын өзгөртүп, ресторан салууга уруксат берилсин.
2.Тийиштүү документтерди бүтүрүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси А.Маматовго милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өнөр-жай, курулуш, инвестиция жана социалдык-экономикалык өнүгүү багыттарын аныктоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Тажакмат уулу Имамидинге тапшырылсын.
Төрага | А.Абдукалилов |