Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын он алтынчы кезексиз сессиясы
2022-жылдын 9-декабры № 50
Жекенди айыл айымагына караштуу билим берүү мекемелеринде (мектептер жана балдар бакчаларында) 2022-2023-жылдардын кыш мезгилине карата даярдыгы жана билим берүү боюнча 2022-жыл ичиндеги аткарып жаткан иштеринин абалы жөнүндө
Жекенди айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жекенди айыл аймагына караштуу билим берүү мекемелеринин 2022-2023-жылдардын кыш мезгилине карата даярдыгы жана билим берүү боюнча 2022-жыл ичиндеги аткарып жаткан иштери канаатандырарлык деп белгиленсин.
2.Жекенди айыл аймагына караштуу билим берүү мекемелеринин 2022-2023-окуу жылына жана кышка карата кээ бир жетишпестиктерине кошумча акча каражаттарын карап аткарылышын ишке ашыруу жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нишанбаевге жана ФЭБ нүн башчысы С.Маматовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Социалдык жана маданий маселелер, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери боюнча комиссиянын төрайымы Ж.Султанова жүктөлсүн.
Төрага | А.Абдукалилов |