Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын он учүнчү кезектеги сессиясы
2022-жылдын 9-декабры № 51
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин 01.12.2022- жылдагы № 01-19/745 сандуу катын кароо жөнүндө
Жекенди айылдык аймагына караштуу Шибээ айылынын тургуну Ташибеков Абдишүкүр Гапаровичтин №01-26/А-77 сандуу арызынын негизинде Чекенди-Талаа участкасындагы калктуу конуш жери № 5-07-03-0010-0281 сандуу коду менен катталган 800,0 м.кв жер аянтынын ичинен 500 м.кв. жер аянтынын багытын өзгөртүп, АЗС салууга уруксат берүү жөнүндөгү Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин 01.12.2022-жылдагы № 01-19/745 сандуу катын угуп жана талкуулап Жекенди айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Жекенди айылдык аймагына караштуу Шибээ айылынын тургуну Ташибеков Абдишүкүр Гапаровичтин №01-26/А-77 сандуу арызынын негизинде Чекенди-Талаа участкасындагы калктуу конуш жери № 5-07-03-0010-0281 сандуу коду менен катталган 800,0 м.кв жер аянтынын ичинен 500 м.кв. жер аянтынын багытын өзгөртүп, АЗС салууга уруксат берилсин.
2.Тийиштүү документтерди бүтүрүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси А.Маматовго милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өнөр-жай, курулуш, инвестиция жана социалдык-экономикалык өнүгүү багыттарын аныктоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Тажакмат уулу Имамидинге тапшырылсын.
Төрага | А.Абдукалилов |