Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын он үчунчү кезектеги сессиясы
2022-жылдын 9-декабры № 55
Жекенди айылдык аймагына караштуу Чулук айылындагы С.Осмонов атындагы орто мектебинин имаратына капиталдык оңдоо иштерин жасоо үчүн Жекенди айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен акча каражаты кароо жөнүндө
Жекенди айылдык аймагына караштуу Чулук айылындагы С.Осмонов атындагы орто мектебинин имаратына 2023-жылы капиталдык оңдоо иштерин жасоо үчүн Жекенди айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен акча каражатын кароо максатында Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезектеги он үчүнчү сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Жекенди айылдык аймагына караштуу Чулук айылындагы С.Осмонов атындагы орто мектебинин имаратына 2023-жылга капиталдык оңдоо иштерин жасоо үчүн Жекенди айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы жергиликтүү бюджетинин эсебинен 345 435
( үч жүз кырк беш миң төрт жүз отуз беш) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Тийиштүү документтерди бүтүрүү жана акча каражатын бөлүп берүү жагы Жекенди айылдык өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге тапшырылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өнөр-жай, курулуш, транспорт, соода байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча комиссиянын төрагасы Мурзапар уулу Назирилло жүктөлсүн.
Төрага | А.Абдукалилов |