Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын он үчунчү кезектеги сессиясы
2022-жылдын 9-декабры № 58
Жекенди айыл өкмөтүндө укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндөгү Жекенди айылдык кеңешинин 9-декабрь 2021-жылдагы № 26 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жекенди айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Жекенди айыл өкмөтүндө укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндөгү айылдык кеңешинин 9-декабрь 2021-жылдагы № 26 токтомуна өзгөртүү киргизилсин.
2.Жекенди айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамы төмөндөгүдөй болуп түзүлсүн:
-Мамажунусов Паяз -АКсакалдар кеңешинин мүчөсү
-Амирбеков Акматали Жапарович -Жекенди айылдык кеңешинин депутаты
-Халилов Сагынбек Дарманбекович -Жекенди айылдык кеңешинин депутаты
-Калыков Өмүрбек Нуриллаевич - Жекенди айылдык кеңешинин депутаты
-Шарипов Абдимамат Шакирович - Жекенди айылдык кеңешинин депутаты
-Галов Мунажидин Алишаевич - Жекенди айылынын айыл башчысы
-Жакыпов Абдилла Кулмаматович -Кара-Мык айылынын айыл башчысы
-Саитов Муктарали Гудусович - Кара-Тейит айылынын айыл башчысы
-Жаркынбаев Сулайман Абдилазизович -Чулук айылынын айыл башчысы
-Кудайберди уулу Бердибек -Шибээ айылынын айыл башчысы
-Токтоматов Рысбай Тилемишович -социалдык маселелер боюнча башкы адис
Укук бузуулар жөнүндө протокол түзүүгө ыйгарым укуктуу
-Колдошов Кеңешбек Исламович -маалымат коммуникация боюнча адис
3. Жекенди айыл өкмөтүндө укук бузуулар боюнча иштерди кароо боюнча иш алып баруу жагы комиссиянын курамына тапшырылсын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жекенди айылдык кенешинин мыйзамдуулук укук тартибин чыңдоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Халиловго тапшырылсын.
Төрага | А.Абдукалилов |