Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын он үчунчү кезектеги сессиясы
2022-жылдын 9-декабры № 59
Жекенди айылдык аймагына караштуу Шибээ айылынын ички көчөлөрүнүн 3 км аралыгына көчө жарыктандырууну куруу үчүн Жекенди айыл өкмөтүнүн жергиликтүү
бюджетинен акча каражатын кароо жөнүндө
Жекенди айылдык аймагына караштуу Шибээ айылынын ички көчөлөрүнүн 3 км аралыгына көчө жарыктандырууну курууга Жекенди айыл өкмөтүнүн өздүк салымы үчүн 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен акча каражатын кароо максатында Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезектеги он үчүнчү сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Жекенди айылдык аймагына караштуу Шибээ айылынын ички көчөлөрүнүн 3 км аралыгына көчө жарыктандырууну курууга Жекенди айыл өкмөтүнүн өздүк салымы үчүн Жекенди айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы жергиликтүү бюджетинин эсебинен 221 460 (эки жүз жыйырма бир миң төрт жүз алтымыш) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Тийиштүү документтерди бүтүрүү жана акча каражатын бөлүп берүү жагы Жекенди айылдык өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге тапшырылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өнөр-жай, курулуш, транспорт, соода байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча комиссиянын төрагасы Мурзапар уулу Назирилло жүктөлсүн.
Төрага | А.Абдукалилов |