Загрузка документа…
ЖЫРГАЛАҢ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жыргалаң айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын XXIII - кезексиз сессиясы
2023-жылдын 11-январы № 26
Жыргалаң айыл аймагына мүлк салыктарын киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 22-декабрындагы “Салык кодексинин колдонууга киргизүү жөнүндө “ Мыйзамынын 3-беренесин ишке ашыруу максатында Жыргалаң айыл аймагынын айылдык кенешинин XXVIII-чакырылышынын XXIII - кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. 2023-жылдын 1-январынан тартып Жыргалаң айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 8-бөлүмүндө көрсөтүлгөн мүлк салыктары киргизилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Мамлекеттик агентигинин сайтына жайгаштырсын жана Ысык-Көл облусунун юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы жооптуу катчы П.С. Кокоевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А. Мукалаевге жана айылдык кеңештин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.П.Кокоевага жүктөлсүн.
Төрайым | К.С. Букаева |