Редакцияот 24.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Кара-Суу айылдык кеңешинин

2023-жылдын 24-майындагы

№23 токтомуна тиркеме

 

Кара-Суу айылынын “Ак-Булак” муниципалдык ишканасынын

 

УСТАВЫ

 

Кара-Суу айылдык кенешинин 2023-жылдын 24-майындагы №23 токтомунун негизинде өзгөртүүлөр жана толуктоолорго ылайык

1.  Жалпы жоболор

2.  Ишкананын максаттары жана милдеттери

3.  Ишкананын укугу, милдеттери жана жоопкерчилиги

4.  Мүлкү, каржы, фонддор

5.  Ишкананы башкаруу

6.  Уставга өзгөрүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү

7.  Ишкананы кайра түзүү жана жоюу тартиби

 

I  Жалпы жоболор

 

1.1.”Ак-Булак” сервис муниципалдык ишканасы (мындан ары “Ишкана”) Кара-Суу айылына көрктөндүрүү, санитардык тазалоо,элге кызмат көрсөтүү максатында түзүлдү.

1.2. “Ишкананын” уюштуруучусу Кара-Суу айыл өкмөтү болуп саналат.

1.3.”Ишкананын” юридикалык статусу: уюштуруучулук-укуктук формасы муниципалдык бюджеттин жана негизделген юридикалык жак, сотто доочу жана жоопкер катары да чыга алуучу юридикалык жак болуп эсептелинет жана өз алдынча балансында өзгөчөлөнгөн мүлкү, мөөр, кыргыз тилинде жазылган, ошондой эле символиканын элементтери, банк мекемелерде алыш-бериш эсеби бар юридикалык жак.

1.4. “Ишкана” өз атынан келишим, контракт түзүүгө, мүлк жана мүлктүк эмес укуктарды алууга жана жоопкерчиликте болууга укуктуу.

1.5. “Ишкана” өз милдеттери боюнча өз каражаттары жана өзүнүн мүлкү менен жооп берет.

1.6. “Ишкана” өзүнүн ыйгарым укуктук чектеринде жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын Кара-Суу айыл өкмөтүнүн токтомдоруна жаңы буйруктарына жана бул ЖОВОго ылайык иш жүргүзүлөт.

1.7. “Ишкана” Кара-Суу айыл өкмөтү тарабынан түзүлөт.

1.8. “Ишкана” белгисиз мөөнөткө түзүлөт.

1.9. “Ишкана” расмий аталышы: мамлекеттик тилде.

 “Ак-Булак сервис” муниципалдык ишканасы, Расмий тилде- муниципального предприятия “Ак-Булак сервис”

1.10. “Ишкана” өзүнүн иш-аракетин башкаруунун жана бийликтин башка мамлекеттик органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекемелер, ошондой эле башка юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүү аркылуу ишке ашырат.

1.11. “Ишкана” Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигин мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып юридикалык жактын укугуна ээ болот.

1.12. “Ишкананын” жайгашкан жери: Кыргыз Республикасынын Талас району Кара-Суу айылы Ш.Токтогазиев көчөсү №3.

 

1.13. “Ишкана” өзүнүн иш-аракетинде Кара-Суу айыл өкмөтүнө жана Кара-Суу айылдын кеңешине өткөрүп берет.

1.14. Кара-Суу айыл өкмөтү ишкананын иш-аракетин кантролдоону жүзөгө ашырат.

1.15. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, турмуштук оор кырдаалда турган адамдарга (кезекке туруусуз жардам берүү) материалдык жана техникалар менен жардамды камсыз кылуу.

 

II. Ишкананын максаттары жана милдеттери.

 

2.1. “Ишкананын” ишмердүүлүгүн негизги максаттары Кара-Суу айылын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, санитардык тазалоо жана элге татыктуу кызмат көрсөтүү болуп саналат.

2.2. “Ишкана” төмөнкүдөй иштерди аткарат:

 -Авариялык абалдагы тал-теректерди кыюу;

 -Айылды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү;

 -Көчөлөрдү жарыктандыруу;

 -Айыл ичиндеги арыктарды тазалоо жана көпүрөлөрдү оңдоо.

 -Ритуалдык тейлөөлөрдү көрсөтүү:

 -Айылдын ички жолдорун оңдоо, тегиздөө;

 -Жол белгилерин орнотуу:

 -Атайын техникаларды, жабдыктарды жана механизимдерд оңдоо;

 -Таштанды таштоочу жайды ирээтке келтирип, тегиздөө;

 -Өндүрүштүн күнүмдүк жана келечектик пландарын иштеп чыгуу;

 -Атайын техникалык кызматтарды көрсөтүү;

 -Курулуш материалдар үчүн кум-шагыл карьерлерди иштетүү.

 -Атайы туристер үчүн эс алуу жайларды уюштуруу;

 -Киреше багыттуу мал, балык, дыйкан, аары чарбаларын уюштуруу;

 -Жаштар уюмдарды түзүү жана семинар өткөрүү.

 -Мыйзамдарга каршы келбеген коюлган маселелерди чечүү үчүн өз демилгесиндеги чечимдерди кабыл алуу;

 -Кара-Суу айыл өкмөтү тарабынан берилген тапшырма, милдеттемелерди аткаруу;

 -Кара-Суу айылындагы жеке турак-жайынан, коммерциялык жана коммерциялык эмес мекеме уюм ишканалардан, соода түйүндөрдөн чыккан турмуштук калдыктарын чыгаруу үчүн акы төлөмдөрдүн кабыл алат жана карыздарын өндүрөт, акы төлөөнүн негизинде жыйноону, ташып кетүүнү жана керектен чыгаруу.

 

III. Ишкананын укугу, милдет жоопкерчилиги.

 

 Өз ишмердигин жүргүзүүдө “Ишкана” төмөнкүлөргө укуктуу.

3.1. Өз атынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген бүтүмдөрүү (келишим, контракт) түзөт жана башка юридикалык иш аракеттерди (анын ичинде насыялык, векселдик банк операциялар) жүргүзүлөт ;

3.2. Кара-Суу айыл өкмөтү менен макулдашуу аркылуу, тиешелүү кыймылсыз мүлктү чарбалык башкаруу укугуна ээлик жүргүзөт.

3.3. Жеңил конвертирленүүчү валютада бүтүмдөрдү жасайт.

3.4. Ички рынокто бартер түрүндөгү бүтүмдөрдү жасайт.

3.5. Банктагы эсептерине келип түшкөн акча каражаттарын өз алдынча максаттуу сарптайт.

3.6. Сом жана чет өлкөлүк валюта түрүндөгү насыялардан пайдаланат. “Ишкана” каржылык жана материалдык каражаттары өндүрүштүк коммерциялык мүнөздө колдонула алат.

3.7. Физикалык жана юридикалык тараптарга акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтө алат.

3.8. Сом түрүндөгү бөлүктөрдөн турган өзүнүн айлануу каражаттарын жана өндүрүштүн фонддорду түзөт.

3.9. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн макулдугу менен башка уюмдар жана ишканалар менен бирикмелерге кошула алат.

3.10. “Ишкананын” уставындагы максаттарын аткаруу үчүн мыйзамдарда белгиленген башка укуктарга ээ боло алат жана ишмердик жүргүзө алат .

3.11. “Ишкананын” кызматкерлерин консультациялоо, окутуу жана башка максаттар үчүн тараптардын макулдашуу боюнча акы төлөө менен граждандык-укуктун келишимдерди түзүүнүн негизинде адистерди тарта алат.

3.12. “Ишкана” кызматкерлерди жалдоонун жана иштен бошотуунун тартибин, эмгек формаларын жана акы төлөө системасын, иштин мөөнөтүн аныктайт, жумушчу убактысын эсебин киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат.

3.13. “Ишкананын” милдеттерин аткаруучу адамдарды командировкага, анын ичинде чет өлкөлөргө эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн жиберүүгө.

3.14. “Ишкана” бул жободо көрсөтүлгөн жана ага жүктөлгөн функцияларын аткаруу үчүн ага башка тийиштүү укуктарга ээ.

3.15. “Ишкана” төмөнкүлөргө милдеттүү;

Иштегендердин баардыгы үчүн эмгектин коопсуз шартын камсыз кылууга жана алардын ден-соолугуна, ишке болгон жөндөмдүлүгүнө келтирген зыян үчүн белгиленген тартипте жооп берүүгө;

-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык милдеттенмелерди аткарууга;

-Ишкананын финансылык абалына карабастан түзүлгөн келишимдерге жана контрактыга ылайык ишкананын баардык кызматкерлери менен толук эсептешүүгө;

-Ишкананын кызматкерлерине социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрүн ишке ашырууга;

-Ишкананын салык отчетторун өз учурунда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдө салыктарды төлөөгө:

3.16. “Ишкананын” кызматкерлеринин иштөө жана эс алуу режимин, алардын социалдык жактан камсыз болушу, социалдык камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын нормалары менен жөнгө салынат.

3.17. “Ишкана” өзүнүн милдеттемелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жооп берет.

3.18. “Ишкана” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүүчү субъектинин баардык милдеттерин аткарат .

3.19. “Ишкананын” каржылык ишин анын жетекчиси башкы бухгалтери жүргүзөт жана жеке жоопкерчиликте болот. Ишкана Кара-Суу айыл өкмөтү тарабы боюнча каалаган каржылык, чарбалык иш кагаздарын берүүгө милдеттүү.

3.20. “Ишкана” коммерциялык купуялуулукка ээ. Коммерциялык купуянын курамына кирген маалыматтарды “Ишкананын” жетекчиси аныктайт.

3.21. “Ишкана” чарбалык, каржылык ишмердүүлүгүн текшерүүнү лицензияга ээ болгон көз карандысыз аудиторлор тарабынан жүргүзүлөт.

3.22. “Ишкана” өзүнүн милдеттенмелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жооп берет.

3.23. өз компетенциясынын чегинде укуктук актыларды жана аракеттерди (бүтүмдөрдү) түзүүгө, келишимдерди түзүүгө ;

3.24. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте менчик ээсинин макулдугу менен жабдууларды, транспорт каражаттарын, инвентарларды жана башка мүлктөрдү ижарага берүүгө жана юридикалык жана жеке жактар менен тиешелүү ижара келишимдерин түзүүгө;

3.25. кызматкерлердин айрым категорияларын ысык тамак менен, же ысык тамак үчүн компенсация, атайын кийим менен камсыз кылууга;

3.26. жергиликтүү кеңештин же жергиликтүү кеңештин айрым депутаттарынын суроо-талабы боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалымат берүүгө;

3.27. жергиликтүү кеңештин чечиминин негизинде өнөктөш жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жеке жана юридикалык жактарга кызмат көрсөтүү бөлүгүндө муниципалитеттер аралык кызматташууну ишке ашырууга катышууга;

3.28.тышкы жана ички инвестицияларды тартуу боюнча ишти өз алдынча жүргүзүүгө;

3.29.жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен макулдашуу боюнча мыйзамда белгиленген тартипте Ишкананын иштеши үчүн зарыл болгон жабдууларды жана материалдарды, анын ичинде чет өлкөдөн сатып алууга;

3.30. Ишкана, эгерде бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга карама-каршы келбесе, менчик ээси менен макулдашуу боюнча ушул Уставда каралбаган башка укуктарга жана милдеттерге ээ болушу мүмкүн.

 

IV. Мүлк, каржы, фонддор.

 

4.1.  “Муниципалдык ишкананын негизги каражаттар түрүндөгү өздүк мүлкү жок. Муниципалдык ишкана чарба жүргүзүү үчүн техникаларды жана жабдууларды жергиликтүү бийликтен алат. Муниципалдык ишкана башка жактардан мүлктү ижарага алууга укуктуу.. Алардын наркы өз алдынча баланста көрсөтүлөт.

4.2. “Ишкананын” мүлктөрү төмөндөгүдөй булактардан куралат;

-Уюштуруучу тарабынан берилген мүлктөр жана каражаттар;

-Кызмат көрсөтүүдөн, аткарылган, иштердин жана башка иш аракеттерден түшкөн кирешелер:

-Банктардын жана башка уюмдардын насыялары;

-Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка булактар;

4.3. “Ишкана” жалпы кирешелердин эсебинен акы төлөөнүн резервдик фонддун түзөт.

 

V. Ишкананы башкаруу.

 

5.1. “Ишкананын” жогорку органы болуп анын уюштуруучусу – Кара-Суу айыл өкмөтү эсептелет.

5.2. Кара-Суу айыл өкмөт башчысы:

-“Ишкананын” башчысын дайындайт жана ээлеген кызмат оордунан бошотот;

5.3.  “Ишкананын” башчысы орун басарын, бөлүм башчыларын дайындайт жана өз алдынча орун басарын, бөлүм башчыларын ээлеген кызматынан бошотот;

-“Ишкананын” курамдык бирдиктеринин санын Кара-Суу айыл өкмөтү менен макулдуулугунун негизинде аныктайт жана бекитет, кайра түзөт жана жойот;

-“Ишкананын” каржылык, чарбалык ишмердүүлүгүн көзөмөлдөйт;

-“Ишкананын” ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын аныктайт.

5.4. “Ишкананын” күнүмдүк башкарууну анын жетекчиси жүргүзөт. “Ишкана” жетекчиси өз ишмердигин башкаруу аппаратынын жардамы ишке ашырат жана “Ишканага” коюлган тапшырмалардын аткарылышы боюнча Кара-Суу айыл өкмөтү менен жамаатын алдында жоопкерчиликтүү;

5.5. “Ишкана” жетекчиси жамааттын атынан ишеним каты жок эле аракеттенет, баардык жергиликтүү мекеме, уюм, ишканаларда

-“Ишкананын” кызыкчылыгын көздөйт, “Ишкана” мүлкүн башкарат, келишимдерди, анын ичинде эмгек келишимдерин түзөт.

5.6. “Ишкананын” башчысы акы берилген ыйгарым укуктарын чегинде “Ишкананын” ишмердүүлүгү боюнча маселелерди өз алдынча чечет:

-“Ишкананын” баардык кызматкерлери үчүн аткарууга милдеттендирилген буйрук, нускама жана башка ченем актыларын кабыл алат;

-“Ишкананын” курамдык бирдиктерин дайындап иштен бошотот жана эмгектин жетишкендиктери үчүн сыйлайт, эмгек тартибин бузгандарга чара көрөт.

-“Ишкананын” курамдык бирдиктери жөнүндөгү жоболорду бекитет, алардын жетекчилеринин укуктарынын жана жоопкерчиликтеринин чегин аныктайт;

-“Ишкананын” кызматкерлеринин иштин жыйынтыгына болгон материалдык кызыгуусун арттыруу максаттында кесиптик кошуун менен бирдикте белгиленген акы төлөө системасын эффективдүү пайдалануу боюнча иш чараларды жүргүзөт;

5.7. “Ишкананын” администрациясы эмгек жөнүндөгү мыйзамдардын негизинде кесиптик кошуун менен жамааттык келишим түзөт.

5.8. Муниципалдык ишканага карата жергиликтүү кеңештин компетенциясына ошондой эле төмөнкүлөр кирет:

- жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн алкагында кызмат көрсөтүүлөргө, ошондой эле муниципалдык менчикти пайдалануу аркылуу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын чегинде көрсөтүлүүчү башка кызматтарга тарифтерди жана ченемдерди бекитүү;

 

VI. Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү.

 

6.1. Ушул уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду Кара-Суу айыл өкмөтү тарабынан киргизилет жана бекитилет.

6.2. Эгерде ушул уставдын бир пункту жараксыз болуп калса, бул башка пунктарына таасир этпейт, жана маани маңызы боюнча жакын укук актылары жол берген башка пункту менен алмашат.

 

VII. “Ишкананы” кайра түзүү жана жоюу тартиби.

 

7.1. “Ишкананы” кайра түзүү жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

7.2. Кайра түзүү (биригүү, кошулуу, бөлүнүү,бөлүнүп чыгуу) Кара-Суу айыл өкмөтүнүн чечими боюнча жүрөт. Мындай учурда укуктар менен милдеттердин жыйындысы укуктук мураскерге өтөт.

7.3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурда “Ишкана” Кара-Суу айыл өкмөтүнүн чечими менен жоюлат.

7.4.“Ишкананы” жоюу ошондой чечим кабыл алган орган тарабынан түзүлгөн жоюучу комиссия тарабынан жүргүзүлөт. Ал комиссия Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдардын негизинде “Ишкананын” жоюулушу тууралуу жарыялайт.

7.5. Жоюучу комиссиянын дайындалышы менен ага “Ишкананы” башкаруу боюнча бардык ыйгарым укуктар өтөт. Жоюучу комиссия бар болгон мүлктү баалайт, кредитарлорду аныктайт жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзөт, жоюу балансын түзүп аны жоюу боюнча чечим кабыл алган органга берет. Кредитарлордун талаптарын канаттандыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

7.6. Юридикалык тараптардын мамлекеттик реестиринде тиешелүү жазуу киргизгенден кийин “Ишкана” жоюлуп ишмердигин токтотту деп эсептелинет.

 

Кара-Суу айыл

өкмөт башчы:

 

А.Касымбеков