Редакцияот 08.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2023-жылдын 8-июну №25

Кара-Суу айылынын тургуну К.Кудайбергеновдун жазган арызы жөнүндө

Кара-Суу айыл аймагынын тургуну Кудайбергенов Кенжебек Тургунбаевичтин арызын карап көрүп, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32,13-беренелерин жетекчиликке алып, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 32-сессиясы токтом кылат:

 

1.Кара-Суу айыл аймагынын тургуну Кудайбергенов Кенжебек Тургунбаевичтин арызы канааттандырылсын.

2. Арыз ээсинин Б.Оторбаев көчөсүндө №149 үйүнө тиешелүү 2600,0 м2 жер участогунун күн батыш тарабынан 300,0 м2 жер участогуна дүкөн куруу үчүн максаттык багыты коммерциялык болуп өзгөртүү жагына уруксат берилсин жана Талас райондук архитектура тарабынан суралсын.

 3.Бул токтомдун аткаруу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Р.Биримкулов