КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 30-июну №32
АРИСтин “Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагындагы кошумча каржылоо (COVID-19га жооп кайтаруу боюнча)” КК АИД-3 долбоорундагы: Кара-Суу айыл аймагындагы ФАПка кошумча корпус куруу ири долбоору жөнүндө
КК АИД-3түн алкагында Кара-Суу айылдык аймагында жүргүзүлгөн долбоордук иш-чаралар жөнүндө жана Кара-Суу айыл аймагындагы ФАПка кошумча корпус куруу ири долбоору боюнча Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековдун жана Кара-Суу айылдык аймагынын АКИА АКнын төрагасы А.Найзабековдун маалыматын карап жана талкуулап, ошондой эле “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесине ылайык, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 34-сессиясы токтом кылат:
1.Кара-Суу айыл аймагындагы ФАПка кошумча корпус куруу ири долбоорунун жалпы бюджети 4 415 190 (төрт миллион төрт жүз он беш миң бир жүз токсон) сом, АРИСтин гранты 3 567 000 ( үч миллион беш жүз алтымыш жети миң) сом өлчөмүндө, Кара-Суу айыл өкмөтүнүн өздүк салымы 848 190 (сегиз жүз кырк сегиз миң бир жүз токсон) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2.Кара-Суу айыл аймагындагы ФАПка кошумча корпусун куруу ири долбоору Кара-Суу айыл аймагынын 2023-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү планына жана инвестициялык планга киргизилсин.
3.Ири долбоордо көрсөтүлгөн объектти техникалык тейлөөгө жана пайдаланууга жергиликтүү бюджеттен каралган чыгымдары бекитилсин.
4.Айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбеков ири долбоордун жана тиешелүү иш-кагаздардын АРИСке өз убагында берүүсүн камсыз кылсын.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековго жана Кара-Суу АК бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р.Биримкулов |