КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 19-июлу №35
Ш.Токтогазив көчөсүндөгү дренажды тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн өздүк салым киргизүү жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековдун айыл аймагындагы Ш.Токтогазив көчөсүндөгү дренажды тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн өздүк салым киргизүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 35-сессиясы токтом кылат:
1.Ш.Токтогазив көчөсүндөгү дренажды тазалоо иштери жүргүзүү үчүн Талас өнүктүрүү фондуна 242 094 (эки жүз кырк эки миң токсон төрт) сомго долбоор жазылган анын ичинен 212 578(эки жүз он эки миң беш жүз жетимиш сегиз) сом өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, айыл өкмөтүнүн өздүк салымы 29 516 (жыйырма тогуз миң беш жүз он алты) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2.Алты айдын жыйынтыгы менен колдонулбай калган акча каражатынын ичинен, дренажды тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн өздүк салымга 29 516 сом акча каражаты каралсын.
3.Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековго жүктөлсүн.
Төрага | Р.Биримкулов |