Редакцияот 19.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2023-жылдын 19-июлу №37

Кара-Суу айылынын тургуну Б.Баткакбаеванын жазган арызы жөнүндө

Кара-Суу айыл аймагынын тургуну Баткакбаева Бурма Бийгазиевнанын арызын карап көрүп, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32,13-беренелерин жетекчиликке алып, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 35-сессиясы токтом кылат:

 

1.Кара-Суу айыл аймагынын тургуну Баткакбаева Бурма Бийгазиевнанын арызы канааттандырылсын.

2. Арыз ээсинин Б.Оторбаев көчөсүндө №132 үйүнө тиешелүү 2223,0 м2 жер участогунун күн чыгыш түштүк тарабынан 36,9 м2 жер участогуна дүкөн куруу үчүн максаттык багыты коммерциялык болуп өзгөртүү жагына уруксат берилсин жана Талас райондук архитектура тарабынан суралсын.

 3.Бул токтомдун аткаруу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Р.Биримкулов