Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 19-июлу №38
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандап алуу жана каржылоо тартиби жөнүндө Жобону бекитүү
Жергиликтүү демилгелерди каржылоо жолу менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн, алардын бирикмелерин, башка жеке жана юридикалык жактарды жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышууга шыктандыруу максатында, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 35-сессиясы токтом кылат:
1.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан “Жергиликтүү демилгелерди тандап алуу жана каржылоо тартиби жөнүндө” Жобо бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2.Ушул токтом каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберилсин.
3.Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында Талас райондук мамлекеттик администрациясынын расмий веб-сайтына жарыялансын. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндүн ичинде күчүнө кирет.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Р.Биримкулов |