Редакцияот 11.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2023-жылдын 11-августу №41

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековдун Кара-Суу айылынын талаа Станындагы 0,60 га алма бак жер эч кимге таандык эмес болгондуктан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 36-сессиясы токтом кылат:

 

1.Кара-Суу айылынын талаа Станындагы 0,60 га алма бак жер эч кимге таандык эмес болгондуктан, айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.

2.Талаа Станындагы 0,60 га алма бак жердин гос актысын алып, бүткөрүү жагы экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адис Кабылова Айнур Турарбековнага милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Р.Биримкулов