КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 11-августу №43
Кара-Суу айыл аймагындагы А.Карыпкулов атындагы орто мектебинин материалдык базасын чыңдоо үчүн техникалык жабдууларды алуу долбоору жөнүндө
А.Карыпкулов атындагы орто мектебинин директору Н.Асанованын мектептин материалдык базасын чыңдоо үчүн техникалык жабдууларды алуу жөнүндөгү долбоорун угуп жана талкуулап, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 36-сессиясы токтом кылат:
1.А.Карыпкулов атындагы орто мектебинин материалдык базасын чыңдоо үчүн техникалык жабдууларды алуу жөнүндөгү долбоор колдоо тапты.
2.Мектептин материалдык базасын чыңдоо үчүн техникалык жабдууларды алуу үчүн керектүү акча каражаты Талас райондук өнүктүрүү фондусунан суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековго жүктөлсүн.
Төрага | Р.Биримкулов |