Редакцияот 31.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Аксы районунун Кашка-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги он алтынчы сессиясы

2023-жылдын 31-марты № 16/3

Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн алдындагы түзүлгөн калкка кызмат көрсөтүү борбору(ККБ) жөнүндөгү Жобону бекитүү

Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн ВУС инспектору Н. Өмүрзаковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кашка-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги он алтынчы сессиясы токтом кылат;

 

1.  Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн алдындагы түзүлгөн калкка кызмат көрсөтүү борбору (ККБ) жөнүндөгү Жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.  “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча кызматтарды көрсөтүүдө мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрү менен айыл өкмөтүнүн өз ара аракеттенүүсү жөнүндө келишимдин типтүү формасы тиркемеге ылайык бекитилсин.

3.  Бул токтомдун мыйзамдуу жагын карап чыгуу жана аткаруудагы жоопкерчилик Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Камчыбек уулуна жүктөлсүн.

4.  Айылдык кеңешинин ушул токтому айыл өкмөтүнүн расмий “kashka-suu.jalal-abad.kq” сайтына жарыялансын.

5.  Токтом расмий сайтына жарыялангандан баштап күчүнө кирет.

6.  Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

7.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы укук тартиби, мыйзамдуулук, өзгөчө кырдаалдар, чек ара, аскерий жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Абдраимовго жүктөлсүн.

 

Төрага:

А. Кулетов.