КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кашка-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз он тогузунчу сессиясы
2023-жылдын 27-сентябры № 19/2
Жергиликтүү коомдоштуктардын (жамаат) өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө
Мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын, айкындуулугун жана эл менен байланышын чыңдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” №215 Жарлыгы жана Элдик Курултайды уюштуруу боюнча комитетинин 2023-жылдын 6-сентябрындагы “Элдик Курлутайга Кыргыз Республикасынын айылдык аймактарынан жана шаарларынан делегаттарды шайлоо боюнча кадамдап аткарылуучу аракеттердин НУСКАМАСЫ жөнүндө” жана Кашка-Суу айылдык кеңешинин укук тартиби, мыйзамдуулук, өзгөчө кырдаалдар, чек ара, аскерий жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун корутундусун угуп, карап жана талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат;
1. Кашка-Суу айылдык кеңешинин Жергиликтүү коомдоштуктардын (жамаат) өкүлчүлүктүү жыйыны 2023-жылдын 18-ноябрына саат 10-00 гө чакырылсын.
2. Кашка-Суу айылдык кеңешинин Жергиликтүү коомдоштуктардын (жамаат) өкүлчүлүктүү жыйынынын курамы калктын санына ылайык 100 делегаттан турары белгиленсин.
3. Жергиликтүү жамааттар арасында делегат шайлоо боюнча жыйындар 16-октябрдан 21- октябрга чейин графикке ылайык өткөрүлсүн. (№1-тиркеме) жана өкүлчүлүктүн нормалары калктын санына жараша бөлүнүүсү эскертилсин.
4. Кашка-Суу айылдык кеңешинин Жергиликтүү коомдоштуктардын (жамаат) өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 7 адамдан бекитилсин (№2-тиркеме).
5. Айылдык кеңешинин ушул токтому айыл өкмөтүнүн расмий “kashka-Suu . jalal-abad . kq” сайтына жарыялансын.
6. Расмий сайтына жарыялангандан баштап күчүнө кирет.
7. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы укук тартиби, мыйзамдуулук, өзгөчө кырдаалдар, чек ара, аскерий жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы; А.Абдраимовго тапшырылсын.
Төрага: | А.Кулетов. |
Тиркеме №1
Кашка-Суу айылдык кеңешинин 2023-жылдын 27-сентябрындагы №19/2 токтому менен бекитилген. |
Кашка-Суу айылдык кеңешинин Жергиликтүү коомдоштуктардын (жамаат)
өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы
К/№ | Фамилиясы, Аты, Атасынын аты | Кызматы |
1 | Кулетов Абдыкайым Сатылганович | Төрага |
2 | Керимкулов Улугбаек Нурматбекович | Катчысы |
3 | Абдраимов Асан Жапарович | Мүчөсү |
4 | Адылбеков Надырбек Адылбекович | Мүчөсү |
5 | Акматова Гүлайша Жумадиловна | Мүчөсү |
6 | Кыдыралиева Азадакан Акыевна | Мүчөсү |
7 | Мамытов Уланбек Мамытович | Мүчөсү |
Кашка-Суу айылдык кеңешинин жооптуу катчысы: |
У.Керимкулов. |
Тиркеме №1
Кашка-Суу айылдык кеңешинин 2023-жылдын 27-сентябрындагы №19/2 токтому менен бекитилген. |
Кашка-Суу айылдык кеңешинин Жергиликтүү коомдоштуктардын (жамаат)
өкүлчүлүктүү жыйынына делегаттарды көрсөтүү боюнча өткөрүлүүчү
чогулуштардын (жыйындардын)
ГРАФИГИ
К/№ | Өткөрулүүчү орду | Убактысы | Калктын саны | Делегаттардын саны | Жооптуулар | |
күнү | сааты | |||||
1 | Кашка-Суу айылы | 16.10.2023-жыл. | 14-00 | 986 | 9 | Ж.Досалиев-жетекчи, Ж.Кулетова, Н.Адылбеков, С.Багышбаев, |
2 | Кара-Башат айылы | 16.10.2023- жыл. | 15-30 | 1420 | 13 | А.Ажыбаева-жетекчи, С.Багышбаев, Ж.Кулетова, Ж.Досалиев, |
3 | Туюк-Жар айылы | 17.10.2023- жыл. | 14-00 | 1496 | 15 | А.Калетов-жетекчи, З.Туралиева, Э.Жунусов, |
4 | Тосту-Чеч-Дөбө айылыдары | 17.10.2023- жыл. | 15-30 | 1675 | 17 | А.Абдраимов-жетекчи, Л.Курбанова, Ч.Акимбаев, Т.Нуркулов, |
5 | Жаңы-Айыл айылы | 18.10.2023- жыл. | 10-00 | 1248 | 12 | Ж.Зыябекова-жетекчи, Ж.Нарымбаева, К.Оролбаев, |
6 | Өлөң-Булак айылы | 18.10.2023- жыл. | 14-00 | 1320 | 13 | Нурлан уулу Н-жетекчи, К.Дербишов, Д.Султанкулов, |
7 | Чарбак айылы | 19.10.2023- жыл. | 14-00 | 850 | 8 | Б.Исманалиев-жетекчи, Г.Анарбаева, Ш.Нарынбаев, |
8 | Сөгөт айылы | 19.10.2023- жыл. | 15-30 | 725 | 7 | З.Баназаров-жетекчи, Ч.Калмырзаева, У.Оролбаев, |
9 | Кара-Төбө айылы | 20.10.2023- жыл. | 10-00 | 554 | 6 | Ч.Калмырзаева-жетекчи, У.Оролбаев, С.Оролбаев, |
Кашка-Суу айылдык кеңешинин жооптуу катчысы: |
У.Керимкулов. |