Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
2023-жылдын 21-февралы № 7
Жер участокторун которуштуруу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер кодексине” Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” мыйзамына, 2020-жылдын 26-декабрындагы № 12 Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” № 123 Мыйзамынын 7-беренесинин негизинде карап талкуулап чыгып Ак-Татыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы токтом кылат
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр айылынын түндүк чыгыш тарабынан, асылдуулугу төмөн жайыт жерин көп жылдык мөмө-жемиш бактарына которуу максатында, мамлекеттик менчиктеги № 1800 контурундагы 3 гектар таштуу жайыт жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан,”Айыл чарба багытындагы көп жылдык мөмө жемиш бактар” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди толуктап бүтүрүү жагы Баткен райондук администрациядан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Татыр айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага: | Ибраим уулу Т. |