Жобо (Устав)Статус не указан

«Таян Тазалык Техникалык Тейлөө миниципалдык кызматы» ишканасынын (Кыштут айыл аймыгынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 17-апрелиндеги № 86 токтомуна ылайык) уставы

Редакцияот 17.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

"Бекитемин"

Кыштут айыл аймагынын

айылдык кеңештин 2023-жыл

17-Апрелиндеги  № 86

токтому менен Кыштут айылдык

кеңешинин төрагасы

А. Сейитмуратов

 

"Таян Тазалык Техникалык Тейлөө миниципалдык кызматы" ишканасынын.

 

Уставы.

 

Таян айылы

17- Апрель 2023-жыл.

 

Жалпы жоболор.

 

1.  "Таян Тазалык Техникалык Тейлөө миниципалдык кызматы" ишканасын уюуштуруунун негизги максаттары жана ишмердүүлүгүнүн негиздери.

2.  Таян Тазалык Техникалык Тейлөө миниципалдык кызматы" ишканасынын укуктук абалы.

3.  Башкаруу жана ишти уюуштуруу.

4.  Каржы жана чарбалык ишмердүүлүк.

5.  “Таян Тазалык Техникалык Тейлөө миниципалдык кызматы” ишканасынын каражаты жана мүлкү.

6.  "Таян Тазалык Техникалык Тейлөө миниципалдык кызматы” ишканасынын Уставына өзгөртүү киргизүү жана ишкананы жоюуу тартиби.

1.“Таян Тазалык Техникалык Тейлөө миниципалдык кызматы” ишканасынын уюуштуруунун негизги максаттары жана ишмердүүлүүгүнүн негиздери.

 

1.1 .“Таян Тазалык Техникалык Тейлөө миниципалдык кызматы” ишканасы (мындан ары)

 

“ТТ-ТТК “  Кыштут айылдык аймагын чарбалык субектиси каттары уюштурулат.

 

1.2 “ТТ-ТТК “  муниципалдык ишканасы Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекисине Кыргыз Республикасынын муниципалдык менчик жөнүндө. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамдарына жана Кыштут айыл аймагынын ,Кыштут айылдык Кеңеши тарабынан кабыл алынган жергиликтүү жамааттын уставына, башка ченемдик укуктук актыларына .Ушул Уставына ылайык өз ишмердүүлугун алып барат.

 

1.3 Уюштуруучу документи болуп, “ТТ-ТТК “  муниципалдык ишканасынын уставы эсептелинет.

 

1.4 “ТТ-ТТК “  муниципалдык ишканасын уюштуруучу болуп Кыштут айылдык аймагынын Кыштут айылдык Кеңеши болуп эсептелинет.

 

1.5 “ТТ-ТТК “  муниципалдык ишканасынын иштөө мөөнөтү чектелбейт.

 

1.6  “ТТ-ТТК “  муниципалдык ишканасынын  чыгымдар сметасы (бюджети) жана штаттык бирдиги жетекчиси тарабынан сунушталып уюштуруучусу тарабынан бекитилет.

 

1.7 “ТТ-ТТК “  муниципалдык ишканасы областык юститциядан каттоодон өткөндөн кийин юридикалык жактан статусуна укугун жана милдетине ээ болот.

 

1.8 Мамлекеттик тилдеги аталышы Кыштут айылдык кеңешинин алдындагы

 

.“Таян Тазалык Техникалык Тейлөө кызматы”миниципалдык ишканасы кыскартылып жазылышы “ТТ-ТТК “  расмий тилде муниципалная Служба технического обсулиживаня- Таян Тазалык при Кыштутского айылном Кеңеше.

 

1.9 “ТТ-ТТК “  муниципалдык ишканасынын дареги Таян айылы борбордук көчө №1

 

2.“Таян Тазалык Техникалык Тейлөө кызматы”миниципалдык ишканасын уюштуруунун негизги максаттары, милдеттери жана ишмердүүлүгүнүн негиздери.

 

2.1“ТТ-ТТК “  муниципалдык ишканасынын негиздери болуп Кыштут айыл аймагынын социалдык, курулуш жана айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө салым кошуу, экономикалык абалын жогорулатууга көмөктөшүү, айылдардагы арык каналдарды, ирригациялык системаларды оңдоп түзөө, айылдарда тазалыкты сактап, таштандыларды чыгаруу, таштанды таштоочу жерлерди иретке келтирип тейлөө, ички жолдорго шагыл төгүү жана ремонтто жалпы эле социалдык инфратүзүмдү жакшыртууга көмөктөшүү.

 

2.2“ТТ-ТТК “  муниципалдык ишканасынынуюштуруу максаты:

 

-Коомдук керектөөчүлөрдү канааттандыруу үчүн акылуу кызмат көрсөтүү.

 

-Калкка ичүүчү сууну үзгүлтүксүз жеткирүү максатында, авриялык мезгилде, селдин кесепетинен суу түтүкчөлөрү жабыркаган учурда калыбына келтирүү иштерине активдүү жардам берүү.

 

2.3 “ТТ-ТТК “  муниципалдык ишканасы өзүнүн максаттарына жетиш үчүн төмөндөгү иштерди жүзөгө ашырат.

 

-айылдын ичинде тазалыкты сактайт, кунүмдук тиричилик таштандыларын чыгарууну уюштурат жана көзөмөлдөйт.

 

-Аныкталган, атайын таштанды төгүлүүчү жайларды иреттүү кармайт.

 

-Жарандарга таштандыларды жыйноо, ташып кетүү жана аны төлөө иштери боюнча тынбай түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

 

- Жеке жана юридикалык жактарга кызмат көрсөтөт,

 

 -- Эксковотордук. Транспордук жана башкакызмат көрсөтүүлөрдү жүргүзөт.

 

- Кызмат көрсөтүүнүн максатына ылайык чакан ишканаларды уюуштура алат.

 

- Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы” жөнүндө мыйзамына ылайык жер үстүндөгү курулуш материалдарын (шагал ,топурак, таш, кум ж.б) казып алуу,сатуу боюнча ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруу боюнча иш жүргүзөт.

 

 - жергиликтүү жана эл аралык комерциялык комерциялык эмес уюумдар менен финансы каражаттарын тартуу, гранттык жардам алуу мыйзам чегинде инвестиция тартуу иштерин жүргүзөт.

 

- чарбачылык укугу өткөрүлүп, берилген мүлктү сактоо аяр мамиле кылуу менен муниципалдык ишкананы толук калыптандырат.

 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама –каршы келбеген башка ишмердүүлүктү ишке ашырат.

 

3.” Таян Тазалык –Техникалык тейлөө”муниципалдык кызматы ишканасынын укуктук абалы.

 

3.1 “ТТ-ТТК” муниципалдык ишканасы өзүнүн максатына жетүү үчүн төмөндөгүлөргө укукту.

 

- Акы алуу менен юридикалык жана жеке жактарга кызмат көрсөтүүгө.

 

- Негизги жана жүгүртмө каражаттарына жана өзүнүн балансындагы мүлккө ээ болуга жана пайдаланууга.

 

-Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлүк банк мекемесинде эсеп кысап ( сом, чет өлкөлүк валюта түрүндө) жана башка счетторду ачууга.

 

- өзүнүн балансында көрсөтүлгөн мүлккө ээ болууга жана пайдаланууга.

 

-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мүлктүн жеке мүлктүк эмес укук милдеттерге ээ жана соттордо доогер жана жоопкер каттары талабын коргоого.

 

- өзүнүн толук аталышы менен мамлекеттик жана расмий тилде мөөрү,штампы ,бланкаларын жасатып колдонууга.

 

- кызиат корсөтүү келишимин жеке жана юридикалык жактар менен түүзүгө.

 

- кызмат көрсөтүү акысынын өлчөмүн жергиликтүү кеңешке сунуштоого.

 

- Кыргыз Республикасынын эмгек кодексинин негизинде кызматка алууга жана аны кызматтан бошотууга.

 

-өз алдынча адистерди тандап жумушка кабыл алууга.

 

- штаттык күндөлүк аркылуу ,чыгымдардын сметасына ылайык кызматтык акылардын көлөмүн аныктоого.

 

- ички кызматтык жоболорду иштеп чыгууга.

 

- эл аралык коомдук, комерциялык камерциялык эмес уюумдар  жеке жана юридикалык жактар менен тийиштүү келишимдерди түзүүгө.

 

3,2 "ТТ-ТТК" муниципалдык ишканасы мамлекеттик жана айыл өкмтүнүн милдеттенмелери үчүн,жооп бербейт.

 

3,3 "ТТ-ТТК" муниципалдык ишканасы Кыштут айыл аймагынын алдында түзүлүп, жаткандыгына байланыштуу Кыштут айыл аймагынын Кыштут айыл өкмөтү ТТ-ТТК" муниципалдык ишканасынын милдеттемелери боюнча толук жоопкерчиликтүү.

 

3,4 "ТТ-ТТК" муниципалдык ишканасы өзүнүн акча каражаттары жана мүлкү менен милдеттенмелери үчүн жоопкерчиликтүү.

 

3,5 өзгөчө кырдаалдын алдын алууга жана өзгөчө кырдаал жаралганда анын кесепеттерин жоюууга көмөктөшүүгө милдеттүү.

 

     4. Башкаруу жана ишти уюуштуруу.

 

4,1 Башкаруу органы болуп, Кыштут айыл өкмөтү эсептелинет.

 

Кыштут айыл өкмөтүнүн башкаруу боюнча маселелерине төмөнкүлөр кирет.

 

-"ТТ-ТТК" муниципалдык ишканасынын уставына өзгөртүү, толуктоолорду жана кайра уюуштуруу, жоюу боюнча сунушту Кыштут айылдык Кеңешине киргизүү.

 

-жылдык каржы отчетун киреше чыгашаларын сметасын бекитүүнү Кыштут айылдык кеңешине сунуштоо. -"ТТ-ТТК" муниципалдык ишканасынын приоритеттүү ишмердүүлүгүн багыттарын аныктоо.

 

- -"ТТ-ТТК" муниципалдык ишканасынын мүлкүн пайдаланууну көзөмөлдөө

 

- Таштанды жыйналуучу жерлерди аныктоо.

 

- өзунун буйруктары менен -"ТТ-ТТК" муниципалдык ишканасына тапшырмаларды берүү анын аткарылышын көзөмөлдөө.

 

- "ТТ-ТТК" муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүнүн өсүп- өнүгүшүнө шарттарды түзүп, берүү.

 

4.2 " ТТ-ТТК" муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү боюнча Кыштут айыл өкмөтүнүн башчысы толук жоопкерчиликтүү болот.

 

4.3 " ТТ-ТТК" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Кыштут айыл өкмөтүнүн буйругунун негизинде жумушка алынат жана эмгек мыйзамынын негизинде жумуштан четтетилет.

 

4.4 " ТТ-ТТК" муниципалдык ишканасынын жетекчисинин милдеттери жана укуктары:

 

- " ТТ-ТТК" муниципалдык ишканасына жетекчилик кылат:

 

-Уюуштуруу жана каржы - чарбалык иштерине жооптуу болот.

 

- өзүнүн ыйгарым укугунун негизинде ишкананын мүлкүн жана каражаттарын башкарат.

 

-муниципалдык ишкананын аппарат кызматкерлерин жана жумушчуларды ишке кабыл алат жана бошотот.

 

- Бухалтердик оперативтүү жана статичистикалык эсептерди жүргүзүүнү уюуштурат жана анын аткарылышына жооп берет.

 

-Банк мекемелерине эсеп-кысап, счетун ачат жана каражаттарын жүгүртүшүн контролдоп турат.

 

- муниципалдык ишкананын атынан жарандык -укуктук бүтүмдөрүн түзөт.

 

- муниципалдык ишкананын ишмердигинин маселелери боюнча өзүнө берилген ыйгарым укугун чегинде буйруктарды чыгарат жана анын аткарылышыны көзомөлдөйт

 

- Кыштут айыл Кеңешинин жана Кыштут айыл өкмөтүнүн чечимдерин аткарууну камсыз кылат.

 

4.5 " ТТ-ТТК" муниципалдык ишканасынын жетекчиси өзүнүн ишмердүүгү боюнча тиешелүү органдарга мыйзамдарда белгиленген убакытта отчет берүүгө милдеттүү.

 

4.6 " ТТ-ТТК" муниципалдык ишканасынын жетекчиси жылына 2 (эки) жолу 6 айда жана жыл аяктаганда жалпы ишмердүүлүк боюнча Кыштут айылдык Кеңешине отчет берүүгө милдеттүү жана жүктөлгөн милдеттерди аткарбагандыгы үчүн жооп берет.

 

4.7 Ушул уставта каралган ишмердикти аткаруу үчүн муниципалдык ишканасынын аппаратынын штаттык бирдигин, керектүү адистерге штат ачуу үчүн Кыштут айыл өкмөтүнө кайрылууга жана аны Кыштут айылдык кеңешине бекитүүгө укуктуу.

 

4.8 Жарандык бүтүмдүк келишимдин негизинде убактылуу жумушчуларды жалдаганга укуктуу.

 

     5." Таян Тазалык- Техникалык тейлөө кызматы" муниципалдык ишканасынын мүлктөрү жана  каражаттары.

 

5.1 " ТТ-ТТК" муниципалдык ишканасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнө таандык мүлккө жана акча каражаттарына чарба жүргүзүү укугу менен ээлик кылат, аны пайдаланат жана тейлөө жүргузөт Тейлөө жүрүзүү үчүн Кыштут айылдык Кеңешинен м акулдук .

 

 алат.

 

5.2 " ТТ-ТТК" муниципалдык ишканасынын мүлкүнүн жана акча каражаттарын түзүү булактары төмөнкүлөр:

 

-жергиликтүү бюджетен ассигнацияланган каражаттан.

 

-өндүрүштүк чарбалык ишмердүүлүгүнөн түшкөн каражаттардан.

 

- көсөтүлгөн кызматтардан түшкөн каражаттар.

 

- банктык уюумдардан алынган ссуда, насыялардан.

 

- жеке жана физикалык жактар тарабынан кайрымдуулук эсебинде өткөрүлүп берилген мүлк жана акча каражаттары.

 

-Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка кирешелерден.

 

5.3 Түшкөн акча каражаттары муниципалдык ишкананы тейлеген банк аркылуу жүргүзүлөт.

 

5.4 " ТТ-ТТК" муниципалдык ишканасынын мүлкү жана каражаттары муниципалдык мүлк болуп эсептелинет.

 

5.5 " ТТ-ТТК" муниципалдык ишканасынын акы алуу тарифи Кыштут айылдык Кеңеши тарабынан бекитилет.

 

5.6 " ТТ-ТТК" муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүнөн түшкөн киреше тиешелүү салык жана башка төлөмдөрдү төлөп бүткөндөн кийин толук муниципалдык ишкананын эсебине калат жана Кыштут айылдык Кеңешинин чечими менен муниципалдык ишкананын келерки жылдагы бюджеттик планына жумшалат.

 

5.7 " ТТ-ТТК" муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу менен туруктуулугун түптөө максатында Кыштут айылдык Кеңешинин чечиминин негизинде (өнүгүү, резервдик, керектөө, материалдык ж.б.у.с.) фонддорду ачууга укуктуу.

 

6 " ТТ-ТТК" муниципалдык ишканасынын каржы чарбалык ишмердүүлүгү.

 

6.1 муниципалдык ишканасынын өзүнүн каржы чарбалык ишмердүүлүгүн акылуу чарба жүргүзүүчү уюм (хозрасчетная организация ) катары алып барат.

 

Уставына ылайык келишимдин негизде кызмат көрсөтө алат.

 

6.2 Келип түшкөн заказдарды базар баасында келишимдин негизинде аткарууга укуктуу.

 

6.3 " ТТ-ТТК" муниципалдык ишканасынын штаттык расписаниясынын жана сметасынын негизинде киреше , чыгашаларды жөнгө салуу боюнча иштерди аткарат.

 

6.4 Тазалыкты кармоо боюнча жана башка Кыштут айылдык кеңешинин тапшырмаларын аткарат.

 

   7.Карыз насыя жана грант тартуу.

 

7.1 " ТТ-ТТК" муниципалдык ишканасы Уставтык максаттарга жетүү үчүн карыз, насыя грант тартуу боюнча Кыштут айыл өкмөтү тарабынан шарттары макулдашылып Кыштут айылдык Кеңеши тарабынан бекитилет.

 

7.2 Тартылган гранттык каражаттар муниципалдык мүлк катары реестрге катталат.

 

8. Оперативдик жана бюджеттик пландаштыруу, эсеп жана отчеттуулук.

 

8.1 " ТТ-ТТК" муниципалдык ишканасы жыл сайын Кыштут айылдык Кеңешке бюджеттик планын аткаруу графигин мөөнөтүн белгилөө менен бекитүүгө милдеттүү.

 

8.2 Миниципалдык ишкананын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бухалтердик статистикалык эсеп жүргүзөт.

 

8.3 Бухалтердик эсептердин финансылык докментердин очеттуулуктун башка формаларынын берилиши үчүн " ТТ-ТТК" муниципалдык ишканасынын жетекчиси жоопкерчиликтүү болот.

 

8.4 Миниципалдык ишкананын биринчи шарты каршы жылы ал катталган күнүнөн башталат.

 

8.5  " ТТ-ТТК" муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүнүн текшерүү максатында Кыштут айылдык Кеңеши аудит тартууга укуктуу.

 

   9. Тарифтердин структурасы.

 

9.1 Жеке жана юридикалык жактарга кызмат көрсөтүү тарифтери  " ТТ-ТТК" муниципалдык ишканасынын жетекчиси тарабынан түзүлүп, Кыштут айыл өкмөтү монополияга каршы саясат жүргүзүүчү орган менен макулдашылгандан кийин Кыштут айылдык Кеңеш тарабынан бекитилет.

 

9.2 Кызмат көрсөтүү тарифтеринин баасы өзүн толук актоо принциби менен аныкталат. базар бааларынан ашык болбошу керек.

 

9.3Тарифтин баасын өзгөртүү шарты 9.1- пунтунда каралган тартипте жөнгө салынат.

 

 10. Таян Тазалык- Техникалык тейлөө кызматы муниципалдык ишканасын кайра уюуштуруу   жана жоюуу.

 

10.1 Муниципалдык ишканасыны уюуштуруу (биригүү, кошулуу, бөлүнүү Кыштут айылдык кеңешинин токтому менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жургүзүлөт.

 

10.2 " ТТ-ТТК" муниципалдык ишканасынын ыйгарым укуктары жана милдеттери кайра уюуштурулганда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде анын укук мураскерине өтөт.

 

10.3  " ТТ-ТТК" муниципалдык ишканасы жоюлган учурда (соттун чечими менен жоюулуудан тышкары) уюштуруучу атайын жоюу комиссиясын түзөт жоюу комиссиясы муниципалдык ишкананын жоюулуш шарттарын, мөөнөтүн аныктайт.Жоюуу комиссмясы түзүлгөн учурдан баштап ага муниципалдык ишкананын иштерин башкаруу ыйгарым укуктары өтөт.Жоюуу комиссиясы үчүнчү жактар менен муниципалдык ишкананын атынан катышат Жоюу комиссиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык муниципалдык ишкананын  жумушчуларына. үчүнчү жактарга келтирилген чыгаша жана зыян үчүн жоопкерчилик тартат.

 

10.4 Муниципалдык ишкананын мамлекеттик реестрине тиешелүү жазуу киргизилгенден баштап жоюулду деп эсептелинет.

 

10.5 Муниципалдык ишкананын бардык карыздарын төлөп бүткөндөн калган мүлк Кыштут айыл өкмөтүнүн балансына өтөт.

 

 11. Корутундуу.

11.1 Ушул Уставта каралбай калган маселелер Кыштут айылдык кеңешинин токтому менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилет.

 

"Таян Тазалык-Техникалык тейлөө кызматы" муниципалдык ишкасынын Уставын иштеп талкууга алып чыккан муниципалдык ишкананын жетекчиси ----------