Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Сай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХVI сессиясы
2022-жылдын 9-августу №117
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылына социалдык объектилерди курууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-18 беренесине ылайык, Көк-Таш айылынын тургундарынын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Ак-Сай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылындагы 1350м2 жер аянтына “Асанабил”кайрымдуулук фондунун каржылоосу менен социалдык объектилерди курууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл чарба, агро өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссия курамына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары: |
Каракашов И. |