Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Сай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХVI сессиясы
2022-жылдын 9-августу №118
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Айыл чарба багытындагы жерлери”категориясынан, “Өнөр жайы, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багытындагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү 2016-жылдын 19-матындагы №21, 2017-жылдын 01-июлундагы №95 мыйзамына ылайык, Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылынын Кара участкасынан 0,60га жер тилкесине эс алуу жайын, Көк-Таш айылынын Миң-Булак участкасына 0,15га жер тилкесине кичи ишканаларды курууга жана айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган жарандардын жумуш орундары менен камсыз кылуу максатында Ак-Сай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Көк-Таш айылынын Кара участкасындагы №975-контурундагы 0,60га таштуу жайыт жер тилкесине эс алуу жайын курууга, Көк-Таш айылынын Миң-Булак участкасындагы №889-контурундагы 0,15га таштуу жайыт жер тилкесине кичи ишканаларды куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Өнөр жайы, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багытындагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушултоктомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл чарба, агро өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссия курамына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары: |
Каракашов И. |